Депозиттердин көлөмү бир айда 1,3 млрд сомго көбөйдү

27 сентября 2021, 13:25

Кыргызстандыктардын коммерциялык банктардагы аманаттары августтун аягында 106,6 миллиард сомго жеткен. Бир айда өсүш 1,3 миллиард сомду түздү, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Мөөнөттүү депозиттердин көлөмү 52,8 млрд сомду, талап боюнча эсептер 51,4 млрд сомду түзөт. 

Жеке депозиттер боюнча орточо чендер 4,7%га жетет.