Жети айда Орусияга 280 млн доллардан ашык акча жөнөтүлгөн
Кыргызстандыктар ушул жылдын январь айынан июль айына чейин чет өлкөгө 291,98 миллион доллар жөнөтүштү, деп жазды республиканын Улуттук банкы.
Алардын 96,3%ы, же 281,23 млн доллары кыргыз жарандары тарабынан Орусияга жөнөтүлгөн. Мында июль айында 38,2 миллион доллар которулган, бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 4,26 миллион долларга аз. Казакстанга акча которуулардын агымы мурдагы деңгээлде (300 миң доллар) бойдон калды.
Жалпысынан кыргызстандыктар март айында 47,5 миллион доллар жөнөтүшкөн.