Кыргызстандыктар 774,3 млн сом транспорт салыгын төлөштү

2 декабря 2021, 10:05

Ушул жылдын январь-октябрь айларында кыргызстандыктар мамлекеттик казынаны кыймылдуу мүлккө салык түрүндө 774 миллион 301 миң сомго толтурган. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда келтирилген.

Анын үстүнө төлөнгөн салыктын көбү карапайым жарандарга туура келет. Алсак, каралып жаткан мезгилде алар транспорт салыгы түрүндө 661 миллион 726,8 миң сом төлөшкөн.

Ошол эле учурда юридикалык жактарга болгону 112 млн 574,2 миң сом – транспорт салыгы туура келет.