Кыргызстандыктар 2020-жылы турак-жайды 915.8 млн сомго камсыздандыруудан өткөрүшкөн

26 января 2021, 10:50

2020-жылы кыргызстандыктардын камсыздандыруу төлөмдөрү 1.3 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди. 

 

 

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Жалпысынан 915.8 млн сомду түзгөн. Милдеттүү камсыздандыруу 174.5 млн сомду, жеке камсыздандыруу 154 млн сомго жеткен. 

 

Камсыздандыруу компанияларынын төгүмдөрү отчеттук мезгил убагында 37.5 млн сомго жеткен.