Кыргызстандыктар интернетке туташуудагы көйгөйлөргө нааразы

24 октября 2022, 13:00

Кыргызстанда мобилдик жана зымдуу интернеттин колдонуучулары интернетке туташууда массалык түрдө нааразычылыктарын билдирүүдө. Интернет провайдерлери жана уюлдук операторлор бул багытта көйгөй бар экендигин ырасташты.

Тактап айтканда, MegaCom мамлекеттик оператору бул маселе боюнча комментарий берди. Маалыматка ылайык, интернетке кирүүдө убактылуу кыйынчылыктар жана байланыш кызматындагы көйгөйлөр жогорку провайдердин магистралдык линияларынын биринде авариядан улам жаралган.

“Учурда MegaCom тармагын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта интернетке кирүү толук калыбына келтирилет”, - деп билдиришти компаниядан.