Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт

15 сентября 2023, 11:50

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көбөйөт.

"Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Ага 3,9 миллиард сом каралды. Көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго жогорулайт. Ал эми, так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот", - деди Алиев.