Кыргызстанда 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат

25 января 2024, 14:00

Январдын аягына чейин 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат.

“Кыргызтелекомдун” маалыматына караганда, Digital CASA долбоорунун экинчи этабынын алкагында Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иштер ийгиликтүү аяктады.

Учурда зымдар айыл округдарына тартылып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даяр.