Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды

14 марта 2024, 10:25

Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыкты.

Документте демилге үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, балдарды тарбиялоодо аталардын активдүү катышуусун колдой турганы белгиленген.

Бирок Аталар күнү дем алыш болуп эсептелбейт.