Кыргызстанда 27,3 млн сомго жомок тартылат

15 марта 2024, 14:35

Кыргызстанда "Жеңилбес жетөө" сериалын тартууга тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жарыялады.

Сметалык баасы 27 млн 272 миң 727,96 сом. Анын ичине адабий, режиссердук сценарийди жазуу, уюштуруу жана сериалды чыгаруу кирет.

Конкурстук табыштамалар 19-мартка чейин кабыл алынат.

Техникалык негиздемесинде сериалдын жанры жомок деп көрсөтүлгөн. Сценарий узактыгы 40 мүнөт болгон 12 сериядан турушу керек.