Кыргызстанда 40тай көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

25 октября 2023, 14:40

Кыргызстанда 41 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары" ишканасынан билдиришти.

Анын натыйжасында ашыкча жүктөөлөр азайып, жаңы абоненттерди сапаттуу чыңалуу менен камсыздоого шарт түзүлгөнү белгиленди.

Ошондой эле, мындай масштабдуу модернизациялоо соңку жылдары биринчи жолу жүргүзүлүп жатканы айтылды.