Кыргызстанда 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

25 сентября 2023, 11:00

Кыргызстанда 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Аны Дүйнөлүк банк каржылайт.

Учурда 100дөн ашык бала бакча жана 30дай өнүктүрүү борборунда оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болот, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону тамак берилбейт жана балдар уктабайт.

Мындай мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 3-5 жаштагы 40 миңге чейин баланы тартуу пландалып жатат.