Кыргызстанда 550дөн ашык сибир жарасынын очогу бар

19 января 2024, 13:31

Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңына чалдыккан 86 учур катталды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын көбү кутурма, 26 очогу катталды.

“Жырткыч жаныбарлар кутурма оорусун алып жүрүшөт. Бул карышкырлар жана түлкүлөр. Айылдарга келип, малга, адамдарга кол салышат. Кутурма тиштегенде шилекей аркылуу жугат”, - дейт Бакыт Шарапов. 

Мындан тышкары, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда сибирь жарасынын эки учуру катталды, Кыргызстанда жалпысынан 565 сибирь жарасынын очогу бар. 

"Жыл сайын жугуштуу оорулардын алдын алууга 87 млн сомго жакын каражат бөлүнөт. Каражат тогуз ооруга бөлүнөт. Алардын арасында сибирь жарасы, бруцеллез, кутурма, шарп жана башкалар бар" - деди ал. 

Бөлүнгөн акчага дары-дармек, вакцина сатып алынат, диагностика да камтылган.