Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты

11 декабря 2023, 09:20

Кыргызстанда 56 миңден ашык адам эмгек акысына азык-түлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери "Эмгектин ордуна азык-түлүк" долбооруна дээрлик 11 миң аз камсыз үй-бүлө катышкан.

Алар ирригациялык системаларды, жолдорду жана жергиликтүү деңгээлдеги суу менен камсыздоону жакшыртуу сыяктуу 400дөн ашык долбоорлорду ишке ашырышты.