«Социалдык келишим» түзгөн 9,8 миң үй-бүлөгө жөлөк пул берилбейт

18 мая 2023, 10:07

Өлкө боюнча "социалдык келишим" түзгөн 9 миң 880 үй-бүлөгө жөлөк пул берилбейт. Соңку маалыматтар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалым болду.

Белгиленгендей, быйыл аз камсыз үй-бүлөлөр менен "социалдык келишим" түзүүгө бюджеттен 1 млрд сомдон ашык бөлүнгөн. Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Алар каражатка чакан ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек. Долбоордун катышуучуларынын тизмеси жөлөк пул алуучулардын арасынан тандалып түзүлөт.

"Социалдык келишим" долбоору былтыртан тарта ишке ашырылып жатат. Анын катышуучусуна "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулун берүү токтотулат.

Белгилеп кетсек, учурда 99 миң үй-бүлө 328 миң бала үчүн жөлөк пул алат. 2021-жылы мындай үй-бүлөлөрдүн саны 112 миң, ал эми балдардын саны 342 миң болчу.