Кыргызстанда абактагы 600дөй адамга мунапыс берилиши мүмкүн

24 ноября 2023, 11:25

Кыргызстанда абактагы 600дөй адам мунапыс менен бошотулушу мүмкүн. Парламент тиешелүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечилердин айтымында, кеп майыптыгы бар камактагылар, 65 жаштан жогоркулар, жалгыз бой энелер жана биринчи жолу мыйзам бузгандар тууралуу болууда.

Бирок мыйзам долбоору балдарга карата зомбулукка байланыштуу кылмыштарга тиешеси жок.

Кошумчалай кетсек, амнистияны Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу жарыялоо сунушталууда.