Кыргызстанда ачылган мамлекеттик дарыканалардын саны 55ке жетти

10 января 2024, 16:25

Кыргызстанда ачылган мамлекеттик дарыканалардын саны 55ке жетти. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү 10-15 пайызга арзан сатылат.

Мамлекеттик дарыканалардын көбү Бишкекте – 10, Ошто – 5, Чүй облусунда – 6, Баткен, Жалал-Абадда – 7ден, Ош облусунда - 8, Ысык-Көлдө – 4, Таласта – 5 жана Нарын облусунда 3 дарыкана иштеп жатат.