Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда

20 октября 2023, 12:50

Бишкек жана аймактарда Аи-95​ үлгүсүндөгү бензин дээрлик жок болууда. 24 агенттиги жазгандай, күйүүчү майдын бул түрүнүн жетишсиздиги жайында эле байкалып баштаган. Ал эми бүгүнкү күндө абал такыр оорлошту.

Учурда Аи-95 бензини ири май куюу тармактарында эле бар.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов маселе чындыгында бар экенин моюндады. Ал түшүндүргөндөй, бул Орусияда отун жетишсиздигине байланыштуу.

Кошумчаласак, Кыргызстан товарды аталган мамлекеттен импорттойт.