Кыргызстанда алгачкы жолу чет өлкөдөгү жумуш орундарынын жарманкеси өтөт

25 сентября 2021, 09:40

Ушул жылдын 29-сентябрында Кыргызстанда биринчи жолу чет өлкөдөгү жумуш орундарынын онлайн жарманкеси өтөт. Жарманке Тышкы иштер министрлигине караштуу тышкы миграция департаменти менен ЮСАИДдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Онлайн форматта өтүүчү жарманкеде Корея, Жапония, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия жана Түркиядан жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр учурдагы бош жумуш орундары тууралуу маалымат беришет.

Бош вакансияларга жарманкенин жүрүшүндө тапшырууга мүмкүн болот. Жарманкени уюштуруунун негизги максаты чет өлкөдө коопсуз жумуш табууга жардам берүү.

Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруу зарыл: 

https://forms.gle/5VrXPb5T8U7m4dut8