Кыргызстанда аялдар күнүнө үй оокатына 4 саат 20 мүнөт жумшайт

6 марта 2024, 12:25

Кыргызстанда аялдар күнүнө үй оокатына 4 саат 20 мүнөтүн жумшайт. Ошол эле учурда айыл жергесиндеги айымдардын көрсөткүчү шаардыктарга салыштырмалуу 1,2 эсе көп. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

Ал эми эркектердин үй жумуштарына кетирген убактысы 5 эсе аз.

Спорт, таза абада сейилдөө жана башка активдүү эс алууга кыз-келиндер жумасына болгону 1 саат 24 мүнөтүн кетирет.