Кыргызстанда бир катар акимдер кызматтан алынат

26 апреля 2024, 09:10

Кыргызстанда бир катар акимдер кызматтан алынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү сунушту президент Садыр Жапаровго бергени белгилүү болду.

Кызмат орундарынан бошотууга Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, 1-орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Лейлек районунун акиминин 1-орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана Жети-Өгүз районунун акиминин 1-орун басары Адилет Дүйшөмбиев сунушталды.

Эске салсак, кечээ өкмөт жыйынында бир катар министрлерге жана орун басарларына сөгүш берилгени кабарланган.