Кыргызстанда быйыл 240 скважина калыбына келтирилет

29 марта 2022, 15:00

Быйыл өлкө аймагындагы 240 скважина калыбына келтирилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, 40ка жакын скважина республикалык бюджеттин эсебинен оңдолот.

“Баткен районунда эки скважина оңдолуп, Лейлекте жумуш жүрүүдө. Ал эми Панфилов районда 12 скважинаны калыбына келтирүү процессиндебиз”, - деди ал.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1 миң 486 скважина бар.