Кыргызстанда чет элдик валюта жетиштүү

10 октября 2023, 09:00

Кыргызстанда чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.

Эске салсак, буга чейин акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар сатууга чектөөлөр киргизилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Белгиленгендей, Улуттук банк эч кандай чектөө киргизген эмес.

Учурда бир доллардын расмий курсу 88 сом 92 тыйынды түзүүдө.