Кыргызстанда чийки сүттүн баасы туруктуу

15 марта 2024, 16:31

Өлкөдө чийки сүттүн баасы туруктуу жана баанын төмөндөшү байкалган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда сүттү кайра иштетүүчү ишканалар элден сүттү төмөнкү баада сатып алууда:

  • Талас облусунда – 26 сомдон 28 сомго чейин;
  • Ысык-Көл облусунда – 28 сомго;
  • Нарын облусунда – 27 сомдон 30 сомго чейин, дүкөндөрдө – 40 сомго;
  • Жалал-Абад облусунда – 35 сомго;
  • Ош облусунда – 40 сомго;
  • Чүй облусунда - 32 сомдон 38 сомго чейин баада сатып алышат.

Ал эми жергиликтүү калк чийки сүттү (үйдө жасалган) дүкөндөрдө 35 сомдон 70 сомго чейин, ошондой эле пастерленген 2,5% сүттү 55 сомдон 120 сомго чейин сатып алышат.