Кыргызстанда чийки заттын 90%ы иштетилбейт

15 февраля 2024, 14:12

Кыргызстанда чийки заттын 90%ы кайра иштетилбейт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө кампа логистикасы жок.

“Чийки заттын жалпы көлөмүнүн 10%ы гана сакталат. Бул туура эмес. Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайы комплекстүү логистикалык кызмат катары иштеши керек. Дыйкандар менен кооперативдер биригиши керек. Продукциялар кайра иштетилип, сакталып, пайдалуу болушу керек”, - деди ал.