Кыргызстанда 50 мамлекеттик дарыкана ачылды

22 ноября 2023, 12:30

Кыргызстанда 80ге жакын мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 50гө жакын мамлекеттик дарыкана ачылса, дагы 30 дарыкананы ачуу пландалууда.

“Бардык шаарларда жана райондордо дарыканалар иштеп жатат, алыскы райондор гана калды”, - деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттик дарыканаларда маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү бар, аларды калк жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алат.