Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номурлар берилет

25 апреля 2024, 09:55

Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номурлар берилет. Президент Садыр Жапаров “КРнын айрым мыйзам актыларына (“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Аны Жогорку Кеңеш 14-мартта кабыл алган. 

Мыйзамда кубаттоо инфраструктурасын түзүү үчүн электромобилдердин ээлерине жеңилдиктер каралган.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.