Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билими жогору

8 марта 2024, 11:48

2023-жылдын ноябрь айында ишканалар менен мекемелердин изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан боюнча аялдардын айлыгынын эркектердин айлыгына болгон катышы 73,4%ды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлиндеги айырма гендер боюнча тармактык жумуштуулуктун структурасына байланыштуу. 

"Кызматкерлердин жалпы санында 2022-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 29%ды, эркектердин үлүшү 19%ды, орто кесиптик билими барлардын арасында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17% жана 8%ды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.