Кыргызстанда эт өндүрүү 2,3 пайызга көбөйдү

16 марта 2022, 13:55

Ушул жылдын 1-мартына карата республикадагы бардык категориядагы чарбалык субъектилерде 62,1 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 381 тоннага же 2,3 пайызга көп.

Маалыматка ылайык, эт өндүрүү Баткен облусунан тышкары бардык аймактарда көбөйүүдө. Аталган облуста ийри мүйүздүү малдын санынын азайышынан эт өндүрүүнүн төмөндөшү байкалууда, бул элдин миграциясына жана тоюттун кымбаттыгына байланыштуу.

Республика боюнча эт өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жыл менен салыштырганда негизинен Ысык-Көл облустарынын чарбаларында, Нарында жана Жалал-Абадда байкалды.