Кыргызстанда эт жана сүт өнөр жай комитети түзүлөт

29 марта 2023, 13:10

Соода-өнөр жай палатасынын алдында эт жана сүт өнөр жай комитети түзүлөт. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев менен эт жана сүт өндүрүүчүлөрдүн жыйыны өтүп, анда тармактын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. 

Ошондой эле, ишкерлер эт өндүрүүчүлөрдүн негизги көйгөйү продукцияны сертификациялоо процесси жана бардык керектүү коштомо документтерди алуу экени айтылды. Алар бизнес процессти мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, бирдиктүү терезе түзүүнү суранышты.  

“Кыргызстандын эт-сүт тармагынын өкүлдөрү фермерлерди бордоп семиртүүнүн, малды кармоонун, даяр эт, эт азыктарын сактоонун жана өндүрүүнүн заманбап технологияларына үйрөтүү зарылдыгын айтышты. Өлкөдө билимдин жоктугунан малдын саны көбөйбөй, эттин сапаты төмөндөп жатат”, - дешти өндүрүүчулөр.