Кыргызстанда финансылык ортомчулук кылгандар эң көп маяна алышат

30 ноября 2022, 10:15

Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу менен алектенгендер эң көп маяна алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган тармактарда эмгектенгендердин орточо эмгек акысы айына дээрлик 50 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда өткөн жылдын декабрында алар 58 миң сомдон ашык алышкан.

Өз кезегинде эң аз айлык акы айыл, токой жана балык чарба тармагында иштегендердин арасында белгиленди. Алар айына 13 миң сомго чейин табышат.