Октябрь айында өлкөдөгү инфляция 15,4%га жетти

14 ноября 2022, 15:50

Ушул жылдын октябрына карата өлкөдөгү инфляциянын деңгээли 15,4%ды түздү. Сентябрь айында инфляциянын көрсөткүчү 15,5%ды түзгөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан билдиришти.

Инфляциянын басаңдашына чет элдик жарандар тарабынан суроо-талаптын өсүшү жана эл аралык жеткирүү түйүндөрүндөгү көйгөйлөр себеп болгон.

Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочуларынын айтымында, импорттук жогорку баалар өлкөдөгү керектөө бааларына таасирин тийгизбей койбойт.

“Ошол эле учурда өлкөгө убактылуу кирген чет элдик жарандардын инфляциялык басымы жылдын калган мезгилинде басаңдашы мүмкүн. Натыйжада жылдын аягына чейин инфляциянын бир аз басаңдашы күтүлүүдө.