Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды

14 ноября 2023, 09:20

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды. Экономика министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду.

Анда бизнести текшерүүгө 2024-жылы убактылуу тыюу салуу жазылган.

Эске салсак, буга чейинки тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр кол койгон.

Кошумчаласак, Кыргызстанда 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ.