Кыргызстанда кайсы кесиптерге талап жогору экени айтылды

16 марта 2023, 16:35

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарба, балык чарба, курулуш, соода жана унаа оңдоо тармагындагы кесиптерге талап жогору. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган адистиктерден тышкары дагы башка тармактар ​​бар, аларды өнүктүрүүгө министрлик өзгөчө көңүл бурат.

“Биз эл аралык уюм менен Кыргызстанда жашап, чет элдик компанияларда иштеген программисттерди колдоо боюнча иш алып баруудабыз. Азыр бул жаатта көптөгөн адистер иштеп жатат. Биз бул тармакты өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.