Кыргызстанда калкты социалдык коргоого 62,7 млн сом бөлүнөт

11 марта 2024, 12:00

Быйыл Кыргызстанда социалдык коргоого 62,7 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин олуттуу салымы калкты социалдык жактан коргоого жумшалат. Алсак, 2021-жылы калкты социалдык жактан коргоого 35,8 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылы бул максатттарга каралган каражаттар өсүү динамикасы менен 62,7 млрд сомду түзүүдө.

Белгиленгендей, Кыргызстандын бюджетинин бардык чыгашаларынын жарымынан көбүн жумушсуздук, социалдык камсыздоо, оору, майыптык, жесирлик, карылык же өзүнө көз каранды болбой калган жагдайлардан улам, эне жана бала, башталгыч жана орто мектептерде акысыз милдеттүү билим алуу жана башка социалдык максаттарга бөлүнгөн чыгашалар түзөт.

Социалдык жактан коргоого чыгашалардын жылдан-жылга көбөйүүсү пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого жана мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн өлчөмүн үн жогорулоосуна байланыштуу экени кабарланды.