Кыргызстанда «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозити ишке кирет

18 апреля 2024, 09:10

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити ишке кирет. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-июнунан тарта тоголок жетим калган ар бир балага коммерциялык банктардын биринен депозит ачылып, жыл сайын мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөт.

Акча балдар 18 жашка толгондон кийин алардын тандоосу боюнча ден соолугун, жашоо шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшалат.

Төлөм ар бир балага 500 миң сомдон кем эмес суммада берилет.