Кыргызстанда кийим-кече өндүрүүнүн көлөмү өсүүдө

8 июня 2023, 15:01

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрель айларында 3 млрд. 840,4 млн. сомдук текстиль буюмдары, кийим-кече жана бут кийимдер өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын апрель айында өндүрүштүн көлөмү 1 млрд. 145,3 млн. сомду түздү.

Эске салсак, 2022-жылдын 4 айында текстиль продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2 млрд. 845,3 млн. сомду түзгөн. 2022-жылдын апрель айында өндүрүштүн көлөмү 706,6 млн. сом болгон.