Кыргызстанда күн энергиясы менен иштеген лампалар чыгарылышы мүмкүн

12 декабря 2023, 14:20

Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү “Кёнгидо” бизнес борборунун башкы директору Чой Жон Хо менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода, инвестиция, билим берүү жана туризм маселелери боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

“Кёнгидо” өкүлчүлүгү күндүн энергиясы менен иштеген жарык берүүчү приборлор, стоматологиялык медициналык жабдуулар, косметика ж.б. тармагында келечектүү кызматташууну сунуштады.