Кыргызстанда күрөөканалардын үчтөн экиси мыйзам бузууда

18 ноября 2022, 11:30

Өлкөдө катталган 412 күрөөкананын үчтөн экиси мыйзам бузуу менен иштеп жатат. Күрөөканалар дагы эле минималдуу капиталдык талаптарды аткара элек. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органы билдирди. 

Мекеменин маалыматы боюнча, 15-ноябрга карата Кыргызстан боюнча 131 гана күрөөкана уставдык капиталын эң аз талап кылынган 1 миллион сомго чейин көбөйткөн.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин капиталды 1 миллион сомго чейин көбөйтүү боюнча токтому 2022-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Токтом 1-июлдан тарта күчүнө кирген.

Эске салсак, күрөөканаларга уставдык капиталга керектүү каражатты табууга бир жума убакыт берилген.