Кырсыктардын материалдык чыгымы жарым жылда 1 млрд сомдон ашты

6 августа 2021, 17:00

Кыргызстандын аймагында быйылкы жылдын алты айында катталган кырсыктардын кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 340 млн 938 миң сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабарга” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Материалдык чыгымдын көлөмү өткөн жылга салыштырганда беш эсе көбөйгөн.

Ушул эле жылы 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 54 адам каза тапкан.