Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500дөн ашык бала бакча ачылат

23 ноября 2023, 13:50

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачылат. Аны Дүйнөлүк банк каржылайт.

Мекемеден билдиришкендей, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат жана эки нөөмөт менен иштейт. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт.

Учурда имаратын жергиликтүү бийлик берген 290 бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Дагы 270 мектепке чейинки билим берүүчү жайды курууга тендер жарыяланды.