Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу каралууда

1 апреля 2024, 11:25

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бул тууралуу Reporter.kg жазды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев билдиргендей, турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар көзү ачыктарга кайрылып, алданып калышат. Мындан улам депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо.

“Алар ушунчалык эле кыйын болсо, бирөөнүн жолун ача турган болсо, аларга жарнаманын деле кереги жок”, - дейт депутат.