Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды

11 декабря 2023, 09:05

Кыргызстанда миграцияга чейинки 10 даярдоо борбору ачылды. Эмгек министри Гүлнара Баатырова билдиргендей, борборлор кесиптик лицейлердин базасында уюштурулган.

Алар ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенишет. Министр белгилегендей, окутуу санариптик инструменттер жана гибрид форматтары аркылуу жүргүзүлүүдө.