Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны кыскарды

27 октября 2023, 15:10

Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны кыскарды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Токтомго ылайык, тогуз орун басардын орду жоюлат. Кыскартуулар Экономика жана коммерция министрлигинде, Каржы министрлигинде, Тышкы иштер министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Айыл чарба министрлигинде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде, Санариптик өнүгүү министрлигинде жана Социалдык фонддо болот.