Кыргызстанда мопед, мотоцикл айдагандарга масштабдуу рейд жүрүүдө

22 апреля 2024, 09:35

Кыргызстанда мопед, мотоцикл жана электр чыгырыгын айдагандарга карата масштабдуу рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку кезде скутер, мопед, велосипед жана электросамокат башкаргандар жол эрежесин одоно бузуп, анын айынан ар кандай кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жатат.

Мындан улам, текшерүү жумуштары уланат.