Кыргызстанда накталай акчанын көлөмү 6,2%га кыскарды

17 февраля 2023, 16:43

Кыргызстанда бир айда накталай акчанын көлөмү 6,2%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Январдын башында калктын колунда 176 миллиард 430 миллион сом болгон. 1-февралга карата акчанын көлөмү 165 миллиард 506,8 миллион сомго чейин азайган. Бирок бул көрсөткүч өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 38%га көп. 

Ушул айдын башына накталай эмес акчанын көлөмү 257 миллиард 576,2 миллион сомду түздү. Анын ичинен 145,8 миллиард сомдон ашууну банктарда сом менен, ал эми доллар менен алганда 111,7 миллиард сомдон ашыгы сакталууда. 

Депозиттердин көлөмү өткөн айдан бери 3,6% өскөн. Ошол эле учурда улуттук валютадагы депозиттер 8,3%га кыскарса, тескерисинче, АКШ долларында 3,3%га жогорулаган.