Кыргызстанда орточо айлык 32 миң 123 сомду түздү

13 ноября 2023, 15:00

Быйыл январь-сентябрь айларында бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 32123 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 23,7%га өстү.

Ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 10,7 %ды түздү.