Кыргызстанда пиязды экспорттоого тыюу салынды

1 февраля 2023, 11:21

Өлкөдө пияздын бардык түрүн тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, пиязды экспорттоого тыюу 2023-жылдын 31-январынан тарта үч ай күчүндө болот. 

"Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк өнүмдөрүнүн бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.