Кыргызстанда реалдуу эмгек акы 40,8%га жогорулады

25 марта 2024, 09:50

2023-жылдын декабрь-ноябрь айларында Кыргызстанда реалдуу эмгек акы 40,8%га өстү. Бул Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасындагы эң жогорку өсүш.  Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын баяндамасында айтылат. 

2023-жылдын декабрындагы айлык ноябрь айындагы айлыкка салыштырмалуу реалдуу эмгек акынын өсүшү боюнча экинчи орунда Орусия турат (+40,5%). Андан кийинки орундарда Армения (+ 20,5%), Беларусия (+14%) турат. Казакстан боюнча маалымат жок.

"Кыргызстанда реалдуу эмгек акынын эң чоң өсүшү үч тармакта байкалган. Алар электр менен камсыздоо +110,3%, каржы жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү +110,1% жана айыл чарбасы +75,9%", - деп айтылат маалыматта.