Кыргызстанда санарип экономикасын каржылоо көбөйтүлөт

9 февраля 2024, 12:45

Кыргызстанда санарип экономикасын каржылоо көбөйтүлөт. Каржы министрлигинен билдиришкендей, быйыл санариптик өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга 600 миллион сом бөлүнөт.

2023-жылы бул багытта 500 миллион сом каралган болчу.

Каражат жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, азыркыларды жаңыртууга жана маалыматтарды кайра иштетүүчү борборлорду курууга багытталат.