Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал туруктуу
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча абал туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-марттан 10-мартка чейин өлкөдө 4,5 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайыздан ашыкка аз.
Ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар.
Эпидемиологиялык абалга мониторинг уланууда.